Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Тайырбек Сарпашев Финансы полициясына сурак берип жатат


Тайырбек Сарпашев, мурдагы биринчи вице-премьер-министр.
Тайырбек Сарпашев, мурдагы биринчи вице-премьер-министр.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өзүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка саат 15:30 чамасында кирген бойдон чыга элек. Бул тууралуу мекеменин алдында турган «Азаттыктын» кабарчысы Мирлан Кадыров маалымдады.

27-ноябрда Финансы полициясы Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын кабарлаган. Ушул эле иш боюнча Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылындагы 500 гектар жайыт жерди жана Токтогул районундагы 30 гектар сугат жерди мамлекетке өткөрүп бергенин мекеме 7-декабрда билдирген.

Финансы полициясынын маалыматына ылайык, ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн, жакын туугандарына каттаган.

Финансы полициясы Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы баскычын аткарганын, эми ал жерлерди Торкен айылынын муктаж үй-бүлөлөрүнө бөлүштүрүү ишин мекеме көзөмөлгө аларын жарыя кылган.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Тайырбек Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жаткан. Ал 9-декабрга суракка чакырылган.

Сарпашевден же анын жактоочуларынан бул маалымат боюнча «Азаттык» азырынча комментарий ала элек. Ал буга чейин сурактан кийин журналисттерге берген комментарийинде мамлекеттик кызматта иштебеген учурларда ишкердик менен алектенгенин белгилеп, коюлган айыптарга байланыштуу өз позициясын коргогонго аракет кыларын билдирген.

Тайырбек Сарпашев өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG