Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

<p>Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат. 9-декабрда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.</p> <p>Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова &laquo;каршы&raquo; добуш берген. Жыйынга катышкан башка депутаттар документти колдоп берген.</p>
16:41 10.12.2020

Келерки жылы президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү үчүн 858,4 млн. сом каралган. Мындай маалыматты өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков 10-декабрда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтуусунда, бул каражаттын ичинен 3373 млн. сом 10-январга белгиленген президенттик шайлоого жумшалат. Калганы парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө сарпталат.

Новиков референдум өткөрүү тууралуу парламенттин чечими чыкса, ага сарпталуучу каражат бюджет такталгандан кийин бөлүнөрүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG