Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды


Болот Сүйүмбаев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары.
Болот Сүйүмбаев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, бул ишке Сүйүмбаевдин тиешеси бар экени тууралуу айныксыз далил буюмдар алынган. Буга байланыштуу ал суракка чакырылып, келбей койгон.

УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 223-беренеси («Экономикалык контрабанда») боюнча шек саналып жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевдин сыртынан кабарлама таратылды жана издөө жарыяланды. Тергөө иштери уланууда.

Атайын кызмат мурдараак мекеме жетекчисинин мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, атайын кызматка жеткирилгени жөнүндө маалымат таратып, ал да ушул иш боюнча суракка алынганын билдирген.

Мекеме анда Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогонун кабарлаган.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы ыкчам бөлүмдөрдүн бири республикага аткезчилик жол менен ташылып келген 22 килограммдан ашуун зер буюмдарынын ири партиясын кармаганы аныкталган. Кийин УКМКнын ошол учурдагы жетекчилиги бул факт боюнча текшерүүнү токтотууга мыйзамсыз буйрук берип, конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берген. Натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылган. Алар күнөөлөрүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сомдон ашуун зыяндын орду толтурулган.

Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат көрүлгөн чаралардын алкагында жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар, УКМКнын мурдагы кызматкери (Б.Э) кармалганын, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев күбө катары суракка алынганын билдирет.

УКМКнын экс-төрагасы, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевди күч органдары 27-ноябрда кармап кеткенин ошол эле күнү кабарлаган. Сегизбаев Чоткараев анын талапкерлиги үчүн кол топтоо иштерин координациялап келгенин билдирип, муну өзүнө карата саясий кысым катары баалаган.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин башкарып, өз арызы менен кызматтан кеткен. Чоткараев да, Сүйүнбаев да ошол учурда анын орун басары болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG