Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Түркия айрым соцтармактарга көлөмдүү айып пул салды


Түркиянын туусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркиянын туусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия парламенти ушул жылдын 29-июлда «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарды тескеген мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, аталган компаниялар өз платформалары боюнча түшкөн арыздарды караш үчүн Түркияда өкүлчүлүктөрдү ачышы зарыл. Ошондой эле атайын өкүл дайындалышы керек болчу. Ал Түркиянын жараны болушу абзел.

Бирок айрым социалдык медиа компаниялары бул мыйзамга баш ийбегендиктен 1-ноябрда биринчи көлөмдүү айып пул салынган.
Ал эми 11-декабрда Түркиялык «Анадолу» маалымат агенттиги өлкөнүн Маалымат жана байланыш технологияларынын башкармалыгы «Фейсбук», «Инстаграм», «Твиттер», «Periscop», «YouTube», «Тикток» сыяктуу социалдык тармактарга эми 30 миллион лира (4 миллион долларга жакын) айып пул чегерилгенин кабарлады. Ошондой эле башкармалык жарнамаларга тыюу салынарын жана соцтармактын маалыматты таратуу мүмкүнчүлүгүн 90% чейин чектей турганын эскертти.

Буга чейин Түркияда 2007-жылдан 2015-жылга чейин «YouTube», «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактар бир канча жолу соттун чечими менен жабылган. Буга кишилердин намысына шек келтирген посттор, сүрөттөр жана билдирүүлөр себеп болгону кабарланган.

Түркиянын 83 миллиондон ашык калкы бар. Алардын 62 миллиону Интернет колдонот. Колдонуучулардын 54 миллиону социалдык тармакты күн сайын активдүү пайдаланат. Түркияда эң популярдуу социалдык тармактар - «Инстаграм», «Твиттер» жана «Фейсбук». (ElB)

XS
SM
MD
LG