Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Казакстанда темир жолчулар акцияга чыгышты


«Tranco Zhezkazgan» компаниясынын акцияга чыккан жумушчулары. Жезказган шаары, Караганды облусу. 11-декабр, 2020-жыл.
«Tranco Zhezkazgan» компаниясынын акцияга чыккан жумушчулары. Жезказган шаары, Караганды облусу. 11-декабр, 2020-жыл.

11-декабрда «Tranco Zhezkazgan» темир жол компаниясынын 300дөй жумушчусу айлык акыны көбөйтүүнү, иш шарттарын жакшыртууну талап кылып чыкты. Алар Караганды облусунун Жезказган шаарында ишкананын жетекчилиги жайгашкан имараттын жанына келишти. Айрымдары ал кезде иш орундарында болсо да, жумушун убактылуу токтотуп нааразылыгын билдиришти.

Сөз болгон компания - «Казахмыстын» жалдануучусу. Темир жол менен жүк ташыган компанияда бир миңден ашуун киши иштейт.

Акциянын катышуучулары буга чейин акимиатка, компаниянын жетекчилигине кайрылышканын, бирок андан майнап чыкпаганын айтышты.

Ал эми акимиат өкүлдөрү бул эмгек талашы экенин, жумушчулар менен жолугушуу тынч өткөнүн билдиришти.

Ал эми «Tranco Zhezkazgan» же «Казахмыс» менен «Азаттыктын» казак редакциясынын кабарчылары байланыша алган жок.

XS
SM
MD
LG