Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргыз-тажик чек арачылары экинчи жолугушуусун Тажикстанда өткөрдү


Кыргыз-тажик чек арачыларынын Тажикстандын Согди облусундагы жолугушуусу. 11-декабрь, 2020-жыл.
Кыргыз-тажик чек арачыларынын Тажикстандын Согди облусундагы жолугушуусу. 11-декабрь, 2020-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү 2020-жылдагы экинчи жолугушуусун 11-декабрда коңшу өлкөнүн Согди облусунда өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Гафуров районунда Хистеварз кыштагындагы чек ара бөлүгүндө тараптар түрдүү окутуулардан жана машыгуулардан өтүштү.

Эки өлкөнүн мекен чегинин сакчылары 9-декабрда Кыргызстандын Баткен облусунун чек ара тилкесине жакын Кара-Бак калктуу конушунда жумушчу жолугушуу өткөрүшкөн. Тараптар анда 2020-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылга карата өз ара аракеттешүүнүн планын макулдашты. Андан ары чек ара бөлүктөрүнүн башчылары үчүн жоокерлердин сапка турушу боюнча биргелешкен машыгуулар өткөрүлгөн.

Чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилери такталбаган тилкелерде чогуу кайгуул жүргүзүү милдеттерин аныктап жатышат. Эки мамлекеттин аскер кызматчыларына чек ара аймактарындагы тургундарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылууда.

Чек ара кызматтарынын биргелешкен окутуулары 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Биргелешкен машыгуулар кыргыз-тажик тилкесиндеги инциденттерди үч эсе азайтууга салым кошту. 2014-жылы кыргыз-тажик чек арасында 32 чыр-чатак катталса, 2020-жылы тогуз чатак болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG