Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 1,5-2% кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 1,5-2% көтөрүлдү. Анын айтуусунда, бул Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдор сунуштаган баа. Мындан тышкары баалардын көтөрүлүүсүнө АКШ долларынын кымбатташы да себеп болууда:

“Мындан тышкары Орусиядан күйүүчү майды өкмөт аралык келишимге ылайык, төлөмдөрсүз алабыз. Бирок учурда жыл аяктап калганына байланыштуу анын лимити аягына чыкты. Баалардын көтөрүлүүсүнө бул да себеп болууда”.

Ассоциация президентинин маалыматына караганда акыркы айда бензиндин баасы орто эсеп менен 1,20 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү майдын баасы 80-90 тыйынга жогорулады. Эшатов баалар өлкөнүн аймактарына жеткирүү акысына жараша түрдүү болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы коронавирус пандемиясы башталган март, апрель айларынан тартып арзандай баштаган. Баалар орто эсеп менен былтыркыга салыштырмалуу 10-12 сомго арзандаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG