Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Ошто Чыңгыз Айтматовго арналган интеллектуалдык таймаш өттү


Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган айдыңдык таймашка жалпысынан 16 топ катышты.
Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган айдыңдык таймашка жалпысынан 16 топ катышты.

Ош шаарында 12-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата интеллектуалдык таймаш уюштурулду. Анда Айтматовдун чыгармалары, анын өмүр баяны боюнча суроолор болду.

Таймашты «Ак-Кеме» курулуш компаниясы уюштуруп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды жана Айтматовдун китептерин белек кылды. Интеллектуалдык оюнга 16 команда катышып, 1-орунду Кыргызстан эл аралык мектеби, 2-орунду ОшМУнун студенттери, 3-орунду журналисттерден куралган топ ээледи.

Кыргызстанда 12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү менен катар Адабият күнү да белгиленет. Улуттук адабият күнү 2011-жылдан тартып белгиленип келатат. (DU)

XS
SM
MD
LG