Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Ошто прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө башталды


Союзбек Сарыков.
Союзбек Сарыков.

Ош облустук прокуратурасында улук прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин изин суутпай издөө жана тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Ильич Исманбетов билдирди.

Сарыков Ош шаардык сотундагы отурумга мас абалында катышып, андан соң судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда Интернетке тараган.

Ильич Исманбетов кесиптешине байланышкан бул окуяны жарым-жартылай тастыктап, ал коопсуздугуна байланыштуу терезеден чыгып кеткен болушу мүмкүн экенин айтты:

«Терезеден чыгып кеткени боюнча иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен так маалымат берилет. Менин укканыма караганда, отурумда эл көп болгондуктан коопсуздугуна байланыштуу ушундай кадамга барган».

«Азаттыктын» кабарчысы Сарыковдун өзү менен байланышып, бирок азырынча комментарий ала албай жатат.

Интернеттеги ачык булактар аркылуу Союзбек Сарыков аттуу киши Кара-Кулжа, Өзгөн райондук прокуратурасында иштеп кеткендиги жөнүндө маалымат табууга болот. Кесиптештери ал көп убакыттан бери облустук прокуратурада иштеп келатканын билдиришти. (DU\SE)

XS
SM
MD
LG