Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Ошто прокурор мас абалда сотко катышып, терезенин тосмосун сындырып качып кеткени айтылган тасма тарады 


Окуя Ош шаардык сотунун имаратында 12-декабрда болгону айтылууда.
Окуя Ош шаардык сотунун имаратында 12-декабрда болгону айтылууда.

12-декабрда Венера Касымова аттуу "Фейсбук" колдонуучусу өзүнүн баракчасына "мас абалда сотко катышкандан кийин терезенин тосмосун сындырып качып кетти" делген прокурор жаатындагы тасмаларды жүктөгөн.

Анда ал: «Мына биздеги Ош облусундагы мыйзам өкүлдөрү. Курманкул Зулушев кайда карап отурасыз? Кызматкерлериңиз мас абалында элди соттотуп жүрөт. Видеодогу сот терезеден прокурорду качырган», — деп жазган.

Видео тасмадан аял кишинин: "Мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби, сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албайсың, керектүү кызматтарга кайрылам", — деп беткапчан кишиге кайрылып жатканын көрүүгө болот.

Андан соң ал бөлмөгө кирип кеткенин, соттун имаратынын сыртынан тартылган тасмадан болсо терезенин тосмолору кайрылып калганын көрүүгө болот.

Видеонун автору терезеден качкан Союзбек Сарыков деген киши экенин айткан, бирок анын кызмат орду жөнүндө сөз кылган эмес.

Айрым интернет басылмалары терезеден качып кеткен кишини "судья" деп да жазып чыгышты. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Сагынбекова Ош облустук жана шаардык сотто Союзбек Сарыков аттуу судья жок экенин билдирди. Ошондой эле ал Сарыков прокурор болуп иштээрин тастыктады.

Прокуратурадан окуя боюнча маалымат бериле элек. Сарыковдун өзү менен да жаңылык жазылып жаткан учурда байланышууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттыктын» ишенимдүү булактары тасмадагы киши Ош облустук прокуратурасынын прокурору Союзбек Сарыков экенин тастыктап, анын судьянын бөлмөсүнө кирип кеткенден кийин алкоголдук ичимдик ичкенин текшерүү үчүн адистерди күтүп жатканда кеңседен качып кеткенин айтышты.

Интернеттеги ачык булактар аркылуу Союзбек Сарыков аттуу киши Кара-Кулжа, Өзгөн райондук прокуратурасында иштеп кеткендиги жөнүндө маалымат табууга болот. (DU)

XS
SM
MD
LG