Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Бишкекте гендердик теңсиздикке каршы жүрүш болуп өттү


"Феминисттик демилгелер" коомдук уюмунун гендердик теңсиздикке, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жөө жүрүшү. Бишкек шаары. 12-декабрь, 2020-жыл. (Сүрөт уюмдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды)
"Феминисттик демилгелер" коомдук уюмунун гендердик теңсиздикке, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жөө жүрүшү. Бишкек шаары. 12-декабрь, 2020-жыл. (Сүрөт уюмдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды)

"Бишкектеги феминисттик демилгелер" коомдук уюму бүгүн, 12-декабрда гендердик теңсиздик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы "Жетишет" деп аталган жөө жүрүшкө чыкты.

Колдоруна "Зордук-зомбулукка көз жумууну токтот!", "Зомбулукту жоюуга салымыңды кош" деген чакырыктар жазылган плакаттарды кармаган активисттер темир жол бекетинен Курманжан датканын Эркиндик бульварындагы эстелигине чейин басып барышты. Эстеликтин жанында бир сааттай митинг болду. Иш-чарага катышкандардын басымдуу бөлүгү - кыз-келиндер. Алар хор менен:

"Аял болсоң күнөөлүү,

Өкүмүңдү билсең да,

Адилеттүү сот жок!" деп ырдашты.

Иш-чара адам укугун коргоого багытталган 16 күндүк акциянын алкагында, аялдарга карата адилетсиз сот чечимдерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлдү.

Ош шаардык соту күйөөсүнөн коргонуу үчүн кол көтөрүп, өлтүрүп алган келинди 9 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып пул салган. Ушул эле сот күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабай, төрт айлык баласы менен 4-кабаттан боюн таштаган келинди 11 жылга кескен. Укук коргоочулар соттун чечими гендердик теңсиздик, аялдарды кемсинтүү менен чыгарылды деп сындашкан.

Ушу тапта аялдар абагында жазасын өтөп жаткан 350 аялдын жүздөйү "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Бул жалпы соттолгондордун 25% түзөт. Алардын жарымынан көбү арасында күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алган.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапкан.

17-июнда Бишкектин Ден Сяопин көчөсүндө белгисиз адам кызганычтан улам чогуу жашаган аялды барымтага алып, бычак менен эч кимди жолоткон эмес. Милиция анын колунан бычакты ыргыта чаап, куралсыздандырып аялды куткарып калган. Мындан кийин жараат алган аял ооруканага жаткырылган. 19-июнда аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда каза тапкан.

1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG