Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Мамбеталиева: Алмаматовдун иши жоопсуз калбашы керек


Эркайым Мамбеталиева
Эркайым Мамбеталиева

“Азаттыктын” суроолоруна эксперт Эркайым Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү тууралуу байкоолору менен бөлүштү.

“Азаттык”: Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башкармалык жетекчиси Насирбек Алмаматов Кыргызстандан кандай жолдор менен чыгып кетиши мүмкүн? Эгер ал киши табылбай калса, анда бул үчүн кимдер жооп бериши керек?

Эркайым Мамбеталиева: Бул суроолорго менимче, тийиштүү органдар жооп бериши керек. Ал кантип, кандай жол менен чыгып кетти деген суроо жаралбай койбойт. Мунун баарына тийиштүү органдар жооп бериши зарыл.

Жазадан качып, өлкөдөн чыгып кеткен көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Мына ушундай жагдай жалпы коррупцияга каршы күрөшкөн саясатка кандай таасир этип жатат? Бул дагы чоң маселе.

Жалгыз бир кишинин чыгып кеткенин кеп кылбай, жалпы жагдайга мунун тийгизген таасири тууралуу маселе көтөрүлүшү керек. Биздин өлкөнүн тийиштүү органдары, Чек ара кызматы текшергенби деген суроо туулат. Эгерде анын өлкөдөн чыгып кеткени далилденсе, бул биздин укук коргоо органдарыбыздын алсыздыгынан кабар берет.

“Азаттык”: Сиз соттун чечими тууралуу кеп кылдыңыз, анда анын жаза мөөнөтүн айып пулга алмаштырып, бошотуп жиберген Бишкек шаардык сотунун чечиминин артында кандайдыр бир кызыкдар күчтөр болгон деп ойлойсузбу?

Эркайым Мамбеталиева: Эми бул тууралуу колдо далил же документтер жок болгондон кийин так кесе айтуу кыйын. Бирок бул маселени да тийиштүү органдар талдап, мындай суроолор жоопсуз калбашы керек. Коомчулуктун ушул өңдүү суроолоруна сөзсүз далилденген факты, документтер аркылуу жооп айтылышы зарыл.

“Азаттык”: Бул көрүнүштүн өзү коррупцияга каршы күрөштүн нугун аныктаган жокпу? Коомчулуктун көз алдында өтүп жаткан бул иштердин айланасындагы кырдаал ушундай болсо сот акыйкаттыгы туурасында сөз кылууга мүмкүнбү?

Эркайым Мамбеталиева: Албетте, Алмаматовдун иши азыр жалпы коррупцияга каршы күрөшкө көлөкөсүн түшүрүп жатат. Биз көптөн бери эле ачык-айкындуулукту талап кылып келебиз. Бизде көп учурда тигил же бул аткаминер кармалды деген кеп тарайт. Андан кийин анын арты эмне болгону, кандай аяктаганы белгисиз бойдон калат. Соттолгон болсо "канча убактан кийин эркиндикке чыкты же акталдыбы?" деген суроолор чыга берет. Анткени андан ары коомчулукка маалымат берилбейт.

Кызыгы, бир канча убактан кийин биз коррупцияга айыпталган аткаминердин абактан эле бошоп тим болбостон, кайсы бир кызматка жетекчи болгонун же жетектөөчү структурага ишке орношконун угуп жатабыз.

“Азаттык”: Айрым саясатчылар коррупцияга каршы күрөштө пара алуу же башка экономикалык кылмыштарга айыпталгандарды эркинен ажыратуу ордуна андан айыпты эселеп өндүрүп, андан кийин гана эркиндикке коё берүүнү кыйытышат. Сиз мындай жолго макулсузбу?

Эркайым Мамбеталиева: Менимче, Кыргызстанда коррупциянын алдын алуу иштери абдан чабал. Биз кайсы бир адамга пара алууга шарт түзүп бербей, ага түрткөн маселелерди чечүү керек. Бизнестеби же башка тармакта болобу кимдир бирөө ортодон кийлигишип көйгөйдү чечкен, пара алууга жеткирген, мажбурлаган учурларды жокко чыгаруу зарыл.

Сиздин сурооңузга токтоло кетсем, айрым учурда пара алып, камакка алынган чиновник канча бир убакыттан кийин эркиндикке чыгат. Бирок ал мамлекетке келтирген чыгымын төлөп бербейт.

Төлөнө турган күндө да казынага төгүп бере турган сумманын кайсы бир бөлүгү гана эске алынып жатат. Ошондуктан, кайсы бир учурда мүмкүн сиз айтып жаткандай чара көрүү туурадыр. Ал эми алдын алуу процессинде албетте, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүндө субъективдүү объект катары жоопкерчилиги чоң.

Ошол эле учурда күрөшкө жарандык коом дагы колдоо көрсөтүп, активдүү роль ойношу керек. Ал эми жарандык коомдун активдүүлүгүн арттырууда кайра эле мамлекет кызыкдар болуп, эркин көз карашты өркүндөтө турган атайын талкуу аянтчаларын уюштуруп же тийиштүү бир иш-чараларды көрүшү абзел.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG