Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунун финалына чыкты


Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты.

Алтын байге үчүн болгон беттеште Шаршенбеков орусиялык Максим Мариянян менен күч сынашат. Беттеш бүгүн, 14-декабрда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 23:00дө башталат.

60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков финалга чейин үч атаандашын жеңди.

Жарым чейрек финалда Жоламан болгариялык Максим Каржайскиди 8:0, чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануну 8:0, жарым финалда түркиялык Ахмед Утрядды 5:1 эсебинде жеңип, финалга ишенимдүү чыкты.

Грек-рим күрөшү. Дүйнө кубогу. 60 кг. 1/2 финал. Ж.Шаршенбеков (Кыргызстан) - Ахмед Утряд (Түркия)

Спорттук күрөш түрлөрү боюнча Дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмактык бөлүктө килемге чыкты.

13-декабрда Руслан Царев (72 кг), Балбай Дордоков (55 кг) жана Калмурат Ибрагимов (67 кг) коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, Дордоков менен Ибрагимов жеңилди. Руслан Царев коло медаль тагынды.

Ал эми Акжол Махмудов (77 кг), Кайратбек Түгөлбаев (82 кг), Атабек Азисбеков (87 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип, мелдештен четтешти.

63 килограммга чейинки салмакта күрөшкө чыккан Калы Сулайманов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Финалдык жана коло байге үчүн боло турган беттештер бүгүн, 14-декабрда өтөт.

Бүгүн кыз-келиндердин күрөшүнөн мелдештер башталат жана мында Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. (GT)

XS
SM
MD
LG