Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 03:46

Кыргыз валюта базарында доллар арзандай баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын валюта базарында доллар арзандай баштады. 14-декабрда акча алмаштыруучу жайларда АКШ валютасынын сатып алуудагы наркы 82 сом 50 тыйын, сатуудагы баасы 82 сом 91 тыйын деп эсептелди. Коммерциялык банктарда да ушундай баа коюлган.

Улуттук банктын сайтында доллардын курсу 84 сом 79 тыйын деп турат. Башкы банктын долларга карата расмий эсеби акыркы ирет 12-декабрда өзгөртүлгөн.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, дээрлик 85 сомго жетти. Доллардын наркына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттады.

Олку-солку абалда калган улуттук валютанын курсун туруктуу сактап туруш үчүн Улуттук банк ноябрь айында 11 жолу, жыл башынан бери 20дан ашык интервенция жасады. 2020-жылы жалпы сатылган сумма 1,5 миллиард долларга жакындады. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG