Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Улуттук банк коммерциялык банктарга 21 миллиондон ашык доллар сатты


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк валюталык рынокко жаңы интервенция жүргүзүп, 21 млн. 150 миң доллар сатыкка чыгарды. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында кабарланды.

Бул декабрдын башынан берки үчүнчү интервенция. 1-декабрда 5 миллион 250 миң доллар, 10 миллион 300 миң доллар саткан.

Валюталык олку-солкулукка байланыштуу башкы каржы көзөмөл мекемеси ноябрь айында 11 жолу, жыл башынан бери 20дан ашык интервенция жасады. 2020-жылы жалпы сатылган сумма 1,5 миллиард долларга жакындады.

11-декабрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,79 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,79 сом болуп турат.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган. Орус валютасы рубль 1,14 сом болуп жатат.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Кыргызстанда 23 коммерциялык банк, 583 банктык эмес финансылык-насыялык уюмдар жана 15 камсыздоо компаниялары бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG