Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Тиешелүү кеңешме Конституциянын алгачкы вариантын иштеп бүттү


Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев (оңдон экинчи) жана ушул эле кеңешменин секция башчылары.
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев (оңдон экинчи) жана ушул эле кеңешменин секция башчылары.

Конституциялык кеңешме өз ишинин биринчи баскычын бүтүрүп, Баш мыйзамдын алгачкы вариантын иштеп чыкты. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жана андагы секциялардын башчылары 11-декабрдагы басма сөз жыйынында билдиришти.

Бөрүбашевдин айтымында, эми юристтерден жана тилчилерден турган жумушчу топ текстти бир сыйра карап чыгат. Алардын сын-пикирлеринин жана сунуштарынын негизинде кеңешменин секциялары өз профилдери боюнча кайрадан иштешмекчи.

Конституциялык кеңешме уюшулган учурда анда «Конституциялык түзүмдүн негиздери», «Жарандын жана адамдын укуктары жана эркиндиктери» жана «Мамлекеттик бийлик органдары» аттуу үч секция түзүлгөн.

17-ноябрда 80 депутаттын колу коюлуп, сунушталган Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлмөкчү.

Көп өтпөй бир нече депутат референдум боюнча мыйзам долбооруна кол койбогонун жарыялап, авторлуктан чыгып кеткен. Долбоор коомчулукта да бир топ адамдардын кескин сынына кабылган.

Мындан кийин, 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, ушул эле күнү ишке киришкен.Кийинчерээк кеңешменин курамына дагы он киши киргизилген. Кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн. Анын жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан.

Кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.

Президенттик жана парламенттик башкарууну тандоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 3-декабрда депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешке алып чыккан. Ал парламентте 9-декабрда биринчи окууда, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул мыйзамды талкуулоо учурунда айрым депутаттар башкаруу системасын аныктаган референдум өткүчө Конституциялык кеңешменин ишин токтото турууну сунуш кылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG