Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:50

Быйыл дүйнөдө зыяндуу газдардын абага бөлүнүшү азайган


2020-жылы дүйнөдөгү көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү мурдагы жылдарга караганда 7 пайызга азайган.

Бул тууралуу Global Carbon Project долбоорунун изилдөөлөрүндө айтылат. Климатка зыяндуу газдардын азайышына быйылкы коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөрдүн киргени себеп болгону кабарланды.

Изилдөөнү жүргүзгөн белгилүү окумуштуулардан турган топ 2020-жылы дүйнө боюнча абага 34 миллиард метрикалык тонна зыяндуу газ бөлүнгөнүн санап чыккан.

АКШда көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү 2 пайызга кыскарса, Европа Биримдигинде 11 пайызга азайган. Ал эми Кытайда бул көрсөткүч 1,7 пайызды гана түзгөн.

Окумуштуулар быйыл миллиарддаган адамдар автоунаа жана учак менен сейилдөөнү кескин кыскартканы жаратылышка пайда болгонун айтышууда. Бирок пандемиядан соң зыяндуу газдардын абага бөлүнүшү кескин көбөйөт деген коркунуч да бар.

Буга байланыштуу окумуштуулар АКШ, Европа Биримдиги өңдүү кубаттуу өлкөлөр “жашыл экономикага” басым жасап, зыяндуу элементтердин абагы бөлүнүшүн азайтууга маани берет деген үмүттө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG