Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Максат Мамытканов чек арага барды


Вице-премьер-министр Максат Мамытканов (ортодо) кыргыз-тажик чек арасында. Баткен облусу. 11-декабрь, 2020-жыл.
Вице-премьер-министр Максат Мамытканов (ортодо) кыргыз-тажик чек арасында. Баткен облусу. 11-декабрь, 2020-жыл.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын абалы менен таанышты. Вице-премьер Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара бекеттерин кыдырды. Жыйынтыгында Максат Мамытканов тиешелүү кызматтарга мамлекеттик чек араны коргоо жана коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр Баткенде милиция кызматкерлери менен да жолугуп, аймакта мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

«Чек ара аймактарында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүү керек», - деди вице-премьер-министр.

Максат Мамытканов сапар алкагында чек ара аймактарына курулуп жаткан социалдык мекемелерди кыдырып, Лейлек районунун Кулунду айылындагы бала бакчанын курулушу менен таанышты. Вице-премьер курулуштардын сапатын жакшыртуу менен мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды. Мындан тышкары ал аймакты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин көтөрдү.

Сапар соңунда вице-премьер-министр чек арада жашаган эл менен жолугуп, мамлекеттик программадагы бардык милдеттенмелер толук ишке ашарын убада кылды.

Баткен облусу 1999-жылы, 12-октябрда Ош облусунун курамынан бөлүнүп, өзүнчө облус болуп түзүлгөн. Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG