Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

Кубан Чороев БШКнын чечимин сотко берди


Кубан Чороев, экономист.
Кубан Чороев, экономист.

Кыргызстандын президентин шайлоого катышарын билдирген Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 миң кол тамгасын жаратпоо тууралуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Ал БШКнын бул чечимине каршы Бишкектеги административдик сотко кайрылды.
Чороевдин айтымында, арыз 10-декабрда берилген, алгачкы сот жараяны 12-декабрда өтөт.

БШКнын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрдагы отурумунда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапкан. Боршайкомдун жумушчу тобу текшерүү учурунда Кубан Чороев үчүн кол тамгалар барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп чогултула башталган жана муну менен эреже бузулган деп билдирген.

БШК дагы бир талапкер Кубаныч Токтосуновдун чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Башында бул кызмат орун үчүн ат салышарын 65 киши расмий билдирген. Учурда БШК 18 талапкердин кол тамгаларын текшерүүдө.

БШК президенттикке талапкерлерди 14-декабрга чейин каттоого тийиш. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталып, 9-январда аяктайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG