Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Трамп «талаштуу» деген төрт штаттагы Байдендин жеңишин кайра карап чыгууну талап кылууда


АКШнын президенти Дональд Трамп. Вашингтон. 2020-жылдын 26-ноябры.
АКШнын президенти Дональд Трамп. Вашингтон. 2020-жылдын 26-ноябры.

АКШнын президенти Доналд Трамп өлкөнүн Жогорку сотуна 17 штаттын өкүлдөрү менен бирге арыз менен кайрылып, президенттикке шайланган «талаш-тартыштуу болуп калды» деген төрт штаттагы демократ Жо Байдендин жеңишин четке кагуу тууралуу өтүнүч камтылган Техас штатынын башкы прокурорунун соттук арызына байланыштуу сот жүрүмүн баштоого чакырды. 8-декабрда АКШнын Жогорку соту Пенсилвания штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Трамптын өкүлдөрүнүн арызын четке каккан. Буга байланыштуу 9-декабрда Техас штатынын башкы прокурору, республикачы Кен Пакстон сотко арыз тапшырып, жыйынтыгы бүдөмүк экени айтылган төрт штаттагы Байдендин жеңишин жокко чыгарууну талап кылган.

Дегиңкиси, Трамптын өкүлдөрүнүн арызынын Пенсилвания штаты боюнча арызын Жогорку сот четке какканы Трамп үчүн өзгөчө оор сокку болуп калды. Трамптын жактоочулары жана аларды колдогон республикачылар өлкө боюнча 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө сотторго карата майнапсыз арыздарды үстөккө-босток жазып келишти.

Жо Байден өлкө боюнча атаандашынан 7 миллиондон ашуун добушка көбүрөөк ээ болду. Президент катары шайланыш үчүн 270 шайлоочунун добушу керек болсо, ал 306 шайлоочунун добушуна ээ болууга жетишти, Трамп болсо 232 гана шайлоочунун добушун ала алды.

Ал эми Техас штатынын башкы прокурору Пакстон өзүнүн сотко жазган арызында Жоржия, Мичиган, Пенсилвания жана Висконсин штаттарындагы 62 шайлоочунун Байденге берилди деп эсептелген добушун жокко чыгарууну суранган. Пакстондун бул өтүнүчүн 17 штаттын өкүлдөрү колдоп чыгышты. Алардын бардыгы тең жогорудагы төрт штатта добуш көп бурмаланды деген, бирок далилге таянбаган дооматтарды кайталап тим болушкан. Трамп да шайлоо одоно бурмаланды деген дооматтарын улам-улам кайталап айтып келе жатат.

Укук адистери Техастын башкы прокурору Пакстондун бул арызы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу жалпы чечимге эч таасир тийгизе албай турган соңку далалат болду деп баалап жатышат.

14-декабрда АКШнын Шайлоо коллегиясы өзүнүн тагдыр чечээр отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгенин биротоло тастыктайт. Бирок буга чейин эле дүйнөнүн ири мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн лидерлери Жо Байденди президент болуп шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү. (TT)

XS
SM
MD
LG