Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Отунбаева: Партиясыз саясатта жеңиш болбойт


Роза Отунбаева, экс-президент.
Роза Отунбаева, экс-президент.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакунова менен видеомаегинде саясий партиялардын Кыргызстандагы ролуна токтолду. Отунбаева партияны түптөө оор иш экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда партиясыз эч качан саясатта жеңиш болбой турганын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда саясий партиялардын калыптанышына убакыт берилген жок.

«Саясий партиялардын өсүп, калыптанышына бизде убакыт аздык кылды, - деди ал. - Мен өкүнөм, узун тарыхы бар КСДП Кыргызстанда талкаланды. Азыр эми кайрадан башкача аталышта түптөлүп жатат. Бирок мен партиянын кыйрап калышын бир кишиге байланганы үчүн деп эсептейм. Бул биздин тарых, биз андан сабак алышыбыз керек. Партия куруу - абдан чоң, маанилүү иш. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө партиясыз саясат өнүкпөйт».

Роза Отунбаева Кыргызстанда партиялык система менен шайлоо өзүн акташы үчүн туура мыйзамдар кабыл алынууга тийиш экенин кошумчалады.

2019-жылга карата Юстиция министрлигинин каттоосунан 224 партия өткөн.

Акыркы жолу 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого 14 саясий партия катышкан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, 200дөн ашуун адам жаракат алган. Бир адам каза болгон.

Бул окуялардан соң Кыргызстанда бийлик алмашып, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. 16-октябрда өкмөт башчылык кызматка келип, андан кийин президенттин милдетин аткарууну колуна алган Садыр Жапаров 10-январга дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылыкты убактылуу тапшырып, президенттин милдетин аткарууну Жогорку Кеңештин төрагасына берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG