Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

«Улуттук энергохолдинг» көмүрдү көбүрөк жагууну сунуш кылды


Бишкекте көмүр саткандар.
Бишкекте көмүр саткандар.

Кыргызстанда өткөн түндө электр энергиясын колдонуу рекорддук деңгээлге жетти.

Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев билдирип, элди электрди азыраак колдонуп, көмүр, газ сыяктуу альтернативалуу жылуулук булактарын пайдаланууга чакырды.

Акыркы маалыматтар боюнча 14-декабрга караган түнү өлкө боюнча 68 миллион киловаттан-сааттан өйдө электр энергиясы сарпталды.

«Аба ырайы суук болгондуктан, электр жарыгын колдонуу кескин көбөйүп кетти. Алдыда ар кандай авариялык кырдаалды болтурбаш үчүн эл электр кубатын үнөмдөп, көмүр, газ сыяктуу жылуулук булактарын колдонушу керек. Чүй облусунда калкты газ менен камсыздоо толук жүрүп жатат. Айрым абоненттер көчөсүнө газ кирсе да үйүнө тартып кирбей жатат», - деди Асхат Бердиев.

Электр энергиясын колдонуу боюнча коюлган чектөөлөр азырынча бир да аймакта сакталбай жатат. Ноябрь айында 36 миллион киловатт-саат энергия колдонулса, декабрдын 12 күнүндө бул көрсөткүч 52 миллион 710 миң киловат-саатка жетти. Энергетиктер быйыл Токтогул суу сактагычында топтолгон суу аз болгону да энергиянын тартыштыгына алып келгенин айтып жатышат.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Эмил Куданалиевдин айтымында 13-декабрда электр энергиясын керектөө кубаттуулугу 3 миң 240 МВтка жетти.

«2020-жылдын 29-январында 3 миң 224 МВтка жетти. Бирок ал учурда абанын температурасы -20...-30 градуска жеткен. Азыр -10 градус эле болууда. Өкмөттүн токтому менен электр энергиясынын лимити түзүлгөн. Декабрдын лимити 1 млрд. 886 млн. кВт-саат. Электр энергиясын керектөө ошол эле коңшу Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда да көбөйүүдө», - деп айтты Куданалиев.

14-декабрга карата Бишкектеги абанын курамында эл аралык көрсөткүчтөр боюнча уулуу заттар 300 микробөлүк деп эсептелип, ал ден соолукка өзгөчө кооптуу катары көрсөтүлүүдө. Бишкек азыркы учурда «World Live Air Quality Ranking» кызматынын эсеби боюнча дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башында турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG