Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кабулда жардыруудан кеминде үч киши өлдү


Кабулдагы жардыруу. 15-декабрь, 2020-жыл.
Кабулдагы жардыруу. 15-декабрь, 2020-жыл.

Кабулда 15-декабарда бомба жарылганда бери дегенде үч киши, анын ичинде жогорку даражалуу аткаминер курман болду. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, бомба Кабулдун губернаторунун орун басары Махбобулла Мохибинин машинесине коюлган. Кол салууда аны менен кошо катчысы мерт болду, жан сакчысы менен дагы бир киши жаракат алды.

Ушул эле күнү ооган баш калаасынын Баграми районунда куралчан адам полиция кызматкерин атып кетти, дагы бир тартип коргоочуну жарадар кылды.

Чабуулдар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму буга чейин Кабулда болгон бир катар чабуулдарды, анын ичинде 50дөй кишинин өмүрүн кыйган, билим берүү мекемесиндеги терактты ишке ашырган.

Сентябрдан бери ооган өкмөтү «Талибан» кыймылы менен Катарда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келатканына карабастан зомбулук уланууда.

Диалог февралдын аягында Вашингтон менен «Талибандын» өкүлдөрү макулдашууга жетишкенден кийин мүмкүн болду. Анда тараптар америкалык 12 миң аскерди чыгаруунун шарттары тууралуу сүйлөшкөн. Бул үчүн талибдер коопсуздук кепилдиктерин берип, Кабул бийлиги менен тынчтык диалогду баштоо милдеттенмесин алган.

XS
SM
MD
LG