Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар 78 миңден ашты


Кыргызстанда 16-декабрга карата дагы 241 адамдан коронавирус илдети табылып, бир киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 403 адам айыкты.

Жаңы аныкталган учурлар:

  • Бишкек шаарында - 73;
  • Чүй облусунда - 55;
  • Ысык-Көл облусунда – 38;
  • Ош облусунда - 22;
  • Жалал-Абад облусунда – 19;
  • Ош шаарында - 13;
  • Баткен облусунда - 12;
  • Талас облусунда – 6;
  • Нарын облусунда – 3.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий маалыматына ылайык, андан бери коронавирус 78 151 кишиге жукту, алардын 1317 каза болуп, 71 270 бейтап айыкты.

Стационарда – 1845 бейтап дарыланууда. Алардын 92си өтө оор, 496сы оор, 1236сы орто абалда жатышат. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.

15-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү ооруканаларда бейтаптарды кабыл алууга орундар жетиштүү жана медициналык жабдуулар бар экенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG