Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Сот имаратынын терезеси аркылуу качкан прокурор иштен бошотулду


Союзбек Сарыков, мурдагы прокурор.
Союзбек Сарыков, мурдагы прокурор.

Ош шаардык сотунун имаратынан терезеси аркылуу качып кеткен прокурор Союзбек Сарыков иштен алынды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул тууралуу 17-декабрда маалымдап, Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөөнү Ош облустук прокуратурасы улантып жатканын кабарлады.

Ош облустук прокуратуранын улук прокурору Союзбек Сарыков судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун сындырып качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда Интернетке тараган. Тасмада ал катышкан сот отурумундагы кишилер коридордо Сарыковду адилетсиздикке айыптап, жулмалашканын көрүүгө болот. Алар ошондой эле прокурор отурумга мас абалында келгенин айтып, нааразылык билдиришкен.

Сарыков өзү Ош шаардык сотунун имаратынын терезеси аркылуу качып кеткенин «Азаттыкка» тастыктап, аргасыздан ушул кадамга барганын айткан, бирок мас экендиги тууралуу кептерди четке каккан. (SE)

XS
SM
MD
LG