Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Доллардын расмий наркы өстү, коммерциялык банктарда, базарда арзандады


Улуттук банктын сайтындагы маалымат.
Улуттук банктын сайтындагы маалымат.

Кыргызстандын Улуттук банкы 17-декабрда 1 АКШ долларын 83 сом 35 тыйынга баалап, 0,43% кымбаттаганын билдирди.

Бирок коммерциялык банктарда жана жеке акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатып алуудагы наркы 80 сомдун, сатуудагы баасы 81 сомдун тегерегинде болууда.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, дээрлик 85 сомго жеткен. Буга байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттаган.

Олку-солку абалда калган улуттук валютанын курсун туруктуу сактап туруш үчүн жыл башынан бери 20дан ашык интервенция жасады. 2020-жылы жалпы сатылган сумма 1,5 миллиард долларга жакындады. (SE)

XS
SM
MD
LG