Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Текебаев партиялаштарын парламентаризм үчүн үгүт жүргүзүүгө чакырды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиялаштарына кайрылып, 10-январга дайындалган референдумда элди парламентаризмге үгүттөөгө чакырды. Бул тууралуу ал 17-декабрда «Фейсбукка» жазды:

«Урматтуу партиянын мүчөлөрү! Партиянын атынан сиздерге мыйзамсыз жарыяланса дагы, ушул референдумда парламенттик республиканы колдоп добуш гана бербестен, башка адамдарды дагы үгүттөп, парламенттик республика учун күрөш жүргүзүшүңөрдү суранам».

Текебаев ошондой эле президенттик шайлоодо кимге добуш бериш керек экенин партия мүчөлөрү өзү тандай турганын, бирок добуш берип жатканда партиянын идеологиялык көз карашын унутпаш керек экенин айтты.

Мурдараак Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев он чакты адамдан турган демилгечи топ түзгөнүн, алар референдумда парламенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөй турганын билдирген.

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен чогуу өтөт. Анда жарандар башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандашы керек:

- президенттик;

- парламенттик;

- бардык варианттарга каршы.

Референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөн жумада чукул кабыл алган. Ага бюджеттен 40 миллион сомдой каражат жумшалат. (SE)

XS
SM
MD
LG