Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:46

22-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

22-декабрда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;

Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11 күндүз -1…-3 градус болот.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG