Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Президенттик шайлоо: 42 эл аралык байкоочу катталды


2020-жылдын 4-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-декабрдагы жыйынында алдыдагы президенттик шайлоого карата 42 эл аралык байкоочуну каттады.

Буга чейин Боршайком 23 мамлекет жана 15 эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 120 эл аралык байкоочуга аккредитация берген.

Ага ылайык, президенттик шайлоодо Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн бир, Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) бир, Молдова БШКсынан эки, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан 34, КМШ миссиясынан төрт, Азербайжандан бир, ЕККУдан 34, Орусиядан бир, Аденауэр атындагы фонддон бир, Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинен эки, Орусиянын элчилигинен эки, Монголия элчилигинен бир, Азербайжан элчилигинен эки, Өзбекстан элчилигинен эки, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен алты байкоочу шайлоого көз сала алышат.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. Ага 18 талапкер катышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG