Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Ош шаарынын биринчи вице-мэрлигине мурунку салыкчы Жылдызбек Турганбаев дайындалды 


Жылдызбек Турганбаев.
Жылдызбек Турганбаев.

21-декабрь күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп буга чейин салык кызматында иштеген Жылдызбек Турганбаев дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Мэриянын басма сөз катчы Азамат Абсаттаровдун айтуусунда, биринчи вице-мэр калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун буйругун менен дайындалып, мэриянын жамаатына тааныштырылды.

Жылдызбек Турганбаев 2019-жылдын июль айынан бери Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп турган, ага чейин түштүк аймагы боюнча, Ош шаары, Өзгөн, Ноокат райондорунда салык кызматын жетектеген.

Биринчи вице-мэр шаардагы экономика тармагына жооптуу. Мурдагы биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулганы бир күн мурда кабарланган. (DU)

XS
SM
MD
LG