Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Ош шаарынын биринчи вице-мэри кызматтан кетти


Саибжан Турдуев.
Саибжан Турдуев.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов 21-декабрда кол койду. Тиешелүү маалыматты Ош шаар мэриясынын басма сөз кызматы таратты. Ага ылайык, Саибжан Турдуевдин ордуна азырынча эч ким дайындала элек.

Кесиби боюнча юрист, ишкер Саибжан Турдуев бул кызматка 2018-жылы май айында дайындалган.

Ош шаары ээлеген аймагы жана элинин саны жагынан баш калаа Бишкектен кийинки орунда турат. 2000-жылы шаардын үч миң жылдык мааракесин белгилөө учурунда ошол кездеги президент Аскар Акаев Ошко «түштүк борбору» деген макам ыйгарган. Бирок кийинки бийликтин тушунда бул макам алынган. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG