Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Бишкекте «Таш жүрөккө каршы» деген акция өтүп жатат


«Таш жүрөккө каршы» акциясы. Бишкек. 21-декабрь, 2020-жыл.
«Таш жүрөккө каршы» акциясы. Бишкек. 21-декабрь, 2020-жыл.

Борбор калаадагы Эмен сейил багында сот адилетсиздигине каршы «Таш жүрөккө каршы» деген аталышта акция өтүп жатат. Иш-чара Тоңдо өспүрүм кызды зордуктагандарды актап жиберген судьяга, адилетсиз сот чечимдерине каршы коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулган.

«Айкын багыт» уюму тараткан маалыматта: «Зордукталган өспүрүм кызга карата акыйкаттыкка чакырабыз. Социалдык тармактарда элдин ачуу маанайы балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасыз калышынан тажагандыгын көрсөтүүдө. Соттор балдарды зордуктагандарды адилеттүү жоопко тартып, зордук-зомбулукка жол жок экенин коомчулукка ачык көрсөтүшү керек», деп жазылган.

«Таш жүрөккө каршы» акциясына жарандык активисттер, укук коргоочулар катышууда.

Тоң районунун Кара-Шаар айылында 13 жаштагы секелек кызды үч эркек зордуктап, кийин сот алардын экөөнү актап, сот залынан чыгарып жибергени коомчулукта кызуу талкууга алынган. Зордуктаган адамдардын бирөө 7,5 жылга кесилген.

Азыркы тапта Ысык-Көл облустук прокуратурасы секелек кызды зордуктап, бирок сот тарабынан акталгандардын өкүмүнө карата апелляциялык арыз даярдап жатканын маалымдады.

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы бул окуяны сындап, өлкөдө балдарга, кыз-келиндерге болгон зомбулукту токтотуу боюнча кескин чараларды көрүүнү сунуш кылды. (ZKo/AiA)

XS
SM
MD
LG