Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Өзгөндө жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-декабрь күнү саат 07:57де Өзгөн районунун Шамал-Терек, Эркин-Тоо жана Салам-Алик айылдарынын аймагында жер титиреп, күчү эки баллды түздү. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 2,5 баллга жетти.

Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча акыркы эки айда Ош облусунда бир нече жолу жер титирөө катталган. Силкинүүнүн күчү жалпысынан 4-5 баллды түзгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG