Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

АКШда сенаторлор кибер чабуул үчүн Орусияга чара көрүүгө чакырышты


АКШда республикачыл жана демократ эки сенатор кызматтык мөөнөтү аяктап жаткан президент Дональд Трамптын администрациясын өлкөнүн мамлекеттик мекемелерин бутага алган масштабдуу кибер чабуулга жооп кайтарууга чакырышты.

Республикачыл сенатор, партиядагы президентти ачык сындаган саналуу саясатчылардын бири Митт Ромни кибер чабуулду кооптуу жагдай катары баалап, «Орусия тууралуу кеп козголгондо Трампта «сокурдук» пайда болот» деп сындады.

Ал эми Сенаттагы демократтардын бири, Чалгын боюнча комитеттин мүчөсү Марк Уорнер кибер чабуул дагы эле уланып жатышы ыктымал экенин, ага чара көрүү зарыл экенин айтты.

Америкалык атайын кызмат жана Мамлекеттик департамент кибер чабуулдун артында Орусия менен байланышы бар хакерлер турат деп эсептейт.

Алардын маалыматына караганда, кибер чабуулдан кеминде алты өкмөттүк мекеменин сайты бузулуп, миңдеген компанияларга вирус таратылган.

Президент Дональд Трамп буга чейин кибер чабуулдун зыянын маалымат каражаттары ашкере көрсөткөнүн, анын артында Орусия эмес, Кытай турушу мүмкүн экенин жоромолдогон.

АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин командасы кызматка расмий киришкенден кийин Орусияга карата киргизиле турган чаралардын бир нече варианты каралып жатканын билдирди.

Байдендин администрациясын жетектей турган Рон Клайндын айтымында, сырттан мындай чабуулга жол бербеш үчүн санкциялар киргизилиши мүмкүн.

АКШнын өкмөттүк мекемелерине кибер чабуул коюлганы алгач 13-декабрда кабарланган. Аны учурда Орусияда жайгашкан хакерлер тобу уюштурушу мүмкүн экени айтылган. Кремль мындай дооматтарды четке кагып келатат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG