Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

АКШнын Финансы министрлигинин почтасына чабуул коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет өлкөлүк бийликтин колдоосундагы хакерлер АКШнын Финансы министрлиги телекоммуникацияны жана Интернетти тескеген федералдык агенттик менен кат жазышкан почтасын бузуп киришкен. Алар мындай жол менен Кошмо Штаттардын башка мамлекеттик кызматтарынын электрондук почталарына да кирген болуш керек деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук кеңеши хакердик чабуул тууралуу маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок. «Reuters» маалымат агенттиги Финансы министрлигинин почтасына коюлган чабуул тууралуу ишембиде Улуттук коопсуздук кеңеши атайын жыйынга чогулганын кабарларды.

Азырынча чабуулдун артында кайсы мамлекет турганы да белгисиз. Адистер чабуул өтө бийик техникалык деңгээлде болгондуктан, мунун артында башка бир мамлекеттин бийлиги турат деп эсептешет.

Мурда АКШ өзүнүн телекоммуникация жана маалыматтык инфратүзүм тармагына коюлган чабуулдар үчүн Орусиянын, Ирандын, Кытайдын жана Түндүк Кореянын бийлигин айыптап келген.

XS
SM
MD
LG