Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Акыркы окуу жылында Кыргызстанда 2834 бала мектепке барган эмес


Онлайн сабак окуп жаткан кызды терезеден карап турган бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Онлайн сабак окуп жаткан кызды терезеден карап турган бала. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-2020-окуу жылында жети жаштан 17 жашка чейинки 2834 бала мектепке барган эмес. Мунун ичинен 1521 бала майыптыгына байланыштуу окуган эмес. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин билим берүүнүн натыйжалуулугун талдаган иликтөөсүндө жазылган. Ага ылайык, 634 бала үй-бүлөлүк себептерден улам, 212 бала иштегенине байланыштуу, ал эми 262 бала оор турмуштан улам мектепке бара алган эмес. 67 бала окууга өзүнүн, 12 бала ата-энесинин каалоосу жоктугунан улам барган эмес. 62 бала ден соолугуна байланыштуу мектепте окуусун таштоого мажбур болгон.

Балдардын мектепке барбай калышына негизги себеп катары - ата-энелеринин кыйынчылыкта жашоосу, мектепке төлөөгө, кийим-кече, окуу куралдарын сатып алууга каражаты жетишсиздиги белгиленген. Айрым балдар мектеп өтө алыс жайгашкандыктан, ага жете алышпайт.

Иликтөөдө жазылгандай, 2014-жылы 2901 бала мектепке ушундай эле себептер менен барган эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG