Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Опера жана балет театры карантинден кийинки сезонун баштады


А. Малдыбаев атындагы опера-балет театры. Бишкек ш. 2020-жыл.
А. Малдыбаев атындагы опера-балет театры. Бишкек ш. 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жарыяланган карантинден кийин Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театры алгачкы жолу көрүүчүлөрүнө эшигин ачты. Маданият министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 13-декабрь күнү опера ырчысы Кадырбек Чодроновдун 100 жылдыгына арналган концерт болот.

Концертке Кыргызстандын эл артисти Сталбек Алмасбеков, эмгек сиңирген артисттер Гүлнур Ниязбаева, Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев, Тилек Найманбаев жана башка ырчылар катышат.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында 12-декабрда Кыргызстандагы Улуттук адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Кылым карытар бир күн” романы боюнча спектакль коюлду.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу март айынан тартып, Кыргызстанда эл көп чогулуучу иш-чараларга, аш-тойлорго, кино-концерттерге чектөө киргизилген.

Декабрь айынан тартып, кинотеатрлардын иштөөсүнө уруксат берилген.(MSd/ZKo)

XS
SM
MD
LG