Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:45

Мамытов: Элдин нааразылыгына шайлоонун адилетсиз өткөнү себеп болду


Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары менен жолугушууда быйылкы парламенттик шайлоо таза өтпөгөнүн кеп кылды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Кабарга караганда, жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, республиканын социалдык-экономикалык абалы боюнча сөз болду.

Мамытов быйыл 6-7-октябрда өлкөдө эл толкуп, анын натыйжасында бийлик тынчтык жолу менен алмашканын эске салды. Калктын нааразылыгына парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуу менен жана адилетсиз өткөнү, республикада сапаттык өзгөрүүлөр болбогону алып келгенин белгиледи.

Ал быйыл өзүнө президенттин милдетин аткаруу боюнча чоң милдет жүктөлгөнүн айтты.

«Быйыл коронавирус пандемиясы атамекендик экономикага олуттуу таасирин тийгизип, республикалык бюджеттин тартыштыгы күчөдү. Буга карабастан, мамлекет бардык социалдык милдеттенмелерин аткарат», - деген Талант Мамытов алдыдагы президенттик шайлоонун таза жана ачык болушун камсыз кылыш үчүн болгон күч-аракет жумшалып жатканын кошумчалады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, натыйжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Анын ордуна алгач өкмөт башчы болуп дайындалган Садыр Жапаров кийинчерээк президенттин милдетин да аткара баштаган.

14-ноябрда Жапаров шайлоого катышуу максатында президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырган жана премьер-министрликти убактылуу токтоткон. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин Талант Мамытов спикер болуп дайындалып, учурда президенттин милдетин аткарууда.

Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. Ага 18 талапкер катышууда. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG