Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Кыргызстанда эл аралык «Үмүт» кинофоруму башталат


Бишкектеги кинотеатрлардын бири.
Бишкектеги кинотеатрлардын бири.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, КМШ мамлекеттеринин кинофоруму 21-25-декабрда Бишкекте өтөт.

Иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. Аны өткөрүүгө КМШнын Мамлекет аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, жогорку окуу жайлары жана коомдук уюмдар каржылык колдоо көрсөтөт.

Бүгүн уюштуруучулар кинофорум тууралуу басма сөз жыйын өткөрүшөт. Саамалыктын расмий ачылышы 22-декабрда «Ала-Тоо» кинотеатрында болот.

Кинофорум казакстандык режиссер Шарип Уразбаевдин «Марьям» аттуу тасмасы менен ачылат. 24-декабрда ушул эле кинотеатрда орусиялык режиссер Максим Дашкиндин «Ыраакта» («На дальних рубежах») деген фильми менен расмий жабылат.

Бул ирет кинофорум коронавирустан кайтыш болгон кореялык режиссер Ким Ки-Дуктун жаркын элесине арналмакчы.

Быйыл форумда 30дай тасма көрсөтүлөт. (NT)

XS
SM
MD
LG