Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Бабаларыбыздын 100 жыл мурдагы Ленинге жазган катынын түп нускасын тапкан жубайлар (Сүрөт баян)

Илимпоздор, архив таануучу жубайлар Владимир Шварц менен Асел Даниярова 1920-жылы 1-майда ала-тоолук он айдың орусча жазган жана Владимир Ленинге даректелген каттын түп нускасын орусиялык архивден таап, илим чөйрөсүнө киргизишти. Бул – 2020-жылдагы кызыктуу ачылыштардан болду.

Изилдөөчүлөр, жубайлар Владимир Шварц менен Асел Даниярова (орусча: Асель Даниярова) 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш, андан кийинки Улуу Үркүн жана качкын кыргыздардын Батыш Кытайдан Ала-Тоого катышы менен байланыштуу архивдик мол маалыматты илимий айлампага киргизишти.

Маселен, 2020-жылы жубайлар мындан бир кылым илгери, б.а. 1920-жылы 1-майда ала-тоолук он айдың (интеллектуал) Советтик Орусиянын негиздөөчүсү жана өкмөт башчысы Владимир Лениндин дарегине орус тилинде жазган каттын түп нускасын орусиялык архивден таап, Санжарбек Данияров атындагы фонддун интернет барагы (daniyarov.kg) аркылуу кеңири илим чөйрөсүнө жана жалпы калайыкка сунушташты.

Айтылуу катка Жунус Байжан уулу, Эшеналы Арабай уулу, Ысак Шайбек уулу, Исаметдин Шабдан уулу, Дөөткул Шыгай уулу, Атахан Тезекбай уулу, Султангазы Исрайил уулу, Кашымбек Түмөнбай уулу, Гайбылда (Кайбылда) Алматай уулу жана дунган тегиндеги Лагир Янсанчин мырзалар кол коюшкан. – Булак: Орусиянын Мамлекеттик коомдук жана саясий тарых архиви (РГАСПИ).

Катка кол койгон айдыңдардын бир катары кийин “бай-манаптын тукуму”, “эл душманы” ж.б. доолорго байланыштуу сталиндик режимдин ырайымсыз жазалоосуна кабылып, жазыксыз жерден өмүрлөрүнөн ажыраган.
Ал эми айрымдарынын өмүр жолунун белгисиз барактарын иликтөө иши болочокку изилдөөчүлөрдү күтүп жатат.
Толугураак бул шилтемени караңыздар.

Санжарбек Данияров атындагы фонддун директору, изилдөөчү Асел Данияровага бул архивдик документтердин сүрөттөрүн жарыялоого уруксат бергендиги үчүн терең ыраазычылык айтабыз жана Владимир Шварц мырза экөөнө мындан аркы албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG