Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Коронавирустун азыркыдан да кооптуу жаңы түрү төрт өлкөдөн табылды


Коронавируска каршы вакцина.
Коронавируска каршы вакцина.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Британияда коронавирустун азыркыдан да жугуштуу болгон жаңы түрү табылганы тууралуу маалыматтарга расмий комментарий берди.

Маалыматка караганда, Британиядан башка мамлекеттерде коронавирустун жаңы түрү менен 11 учур катталды.

«Инфекция кеңири тарап жаткан Европа мамлекеттери көзөмөл жана алдын алуу чараларын күчөтүшү керек», деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Вирустун мутацияланган түрү менен Данияда тогуз, Нидерланд менен Австралияда бирден учур катталды.

Коронавирустун мутацияланганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу Батыштагы бир нече өлкө Британия менен байланышын чектеп жатат. Азырынча мындай кадамга Австрия, Белгия, Италия жана Нидерланддар барды. Германия, Австрия, Израил жана Франция да чектөө чараларын караштырууда.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 19-декабрда өлкөдө табылган коронавирустун жаңы түрү азыркыга салыштырмалуу 70% жугуштуу деген божомол бар экенин билдирген.

Расмий маалыматка караганда, Британияда коронавирустун жаңы түрү миңден ашык кишиден аныкталды.

Баш калаа Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгышында вирустун жайылышына каршы чаралар күчөтүлдү.

Буга чейин вирустун жаңы түрү тууралуу Түштүк Африканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

XS
SM
MD
LG