Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Талапкер Жапаров шайлоо фондунун булагын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө коротуп жаткан акча элден келгенин экенин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Баткенде шайлоочулар менен жолугушууда суроолорго жооп берип жатып билдирди:

«Талапкерлик фондумда сарпталган акчанын бүт баары элден келип жатат. Пенсионерлер пенсиясынан берип жатышат. Мобу турган плакаттарды да эл өзү жасап атат. Мен түрмөдө отурганда да акчасын, тамак-ашын, кийим-кечелеримден өйдө калтырып кетип жүрүп, мени эл бакты. Үч жыл бою эл, сиздер бактыңыздар».

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) президенттикке талапкерлердин шайлоо фондундагы каражаты тууралуу маалыматына караганда, 19-декабрга карата эң көп акча талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна чогулган. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна 47 млн. 404 миң сом чогулган. Андан кийинки орунда талапкер Бабыржан Төлбаев 9 млн. 352 722 сом топтогон. Дагы бир талапкер Имамидин Ташовдун шайлоо фондунда 4,9 млн сом жыйналган.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ага 18 талапкер катышууда. Президенттик шайлоо менен кошо 10-январда референдум да өтөт. Анда жарандар мамлекеттик башкаруу формасын тандашат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG