Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Пискур: Жумалиевден акча талап кылгандарга Финполдун тиешеси жок


Депутаттан акча талап кылган деп шек саналган жаран. Бишкек. 20-декабрь, 2020-жыл. (Сүрөт Бишкек ШИИБине таандык).
Депутаттан акча талап кылган деп шек саналган жаран. Бишкек. 20-декабрь, 2020-жыл. (Сүрөт Бишкек ШИИБине таандык).

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур бул мекеме Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден акча талап кылгандарга тиешеси жок экенин «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында бул жалган маалымат. Ал эми депутат Кубанычбек Жумалиевге козголгон иш боюнча сотко чейинки тергөө иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев белгисиз «А» аттуу адам Финансы полициясы тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотуш үчүн 20 миң доллар талап кылып жатканына даттанып, 5-декабрда кайрылганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.

Ага ылайык, Жумалиев өзүнөн акча талап кылгандар Финполициянын жаңы дайындалган жетекчилеринин бири аркылуу кайрылып жатканын айтканын билдирген.

Бул факт бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 203-беренеси («Акча талап кылуу») боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. Ал эми акча талап кылган адам 20-декабрь күнү Жумалиевден 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. 24 жаштагы шектүү Т.А. эч жерде иштебеси, Бишкектин тургуну экени аныкталды. Ал Финполицияга эч кандай байланышы жок экенин, акчадан кыйналганда ушул жолго барганын милиция кызматкерлерине айтып берген. Учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар-жогу аныкталууда.

4-ноябрда Финансы полициясы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү жөнүндө толук маалымат берилген эмес.

Бишкектин Ленин райондук соту 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарган. Депутаттын пайдасына Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүлө турган болгон.

Жапыкеев ага дейре Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз байыган деп кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган. «Ар-намыска шек келтирди» деген негизде ал Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Учурда Финполду премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык Сыймык Жапыкеев башкарып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG