Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Францияда үч полиция кызматкери өлтүрүлдү


Францияда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кабарды текшерүүгө барган үч полиция кызматкери өлтүрүлүп, дагы төртөө жарадар болду. Окуя 23-декабрда эртең менен Франциянын түштүгүндөгү Борбордук массивдеги айылдардын биринде болгон. Офицерлер үй-бүлөлүк уруштан соң үйүнүн чатырына чыгып алган аялга жардам берүүгө аракет кылып жаткан учурда кылмышкер аларды атып салган. Андан соң кылмыш болгон үйгө өрт койгон. Андан соң жабыркаган аял аман-эсен куткарылып, ал эми кылмышка шектүүнүн белгисиз жайдагда каза болгон сөөгү табылган.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон окуя боюнча «Твиттердеги» баракчасына «бизди сакташ үчүн алар өз өмүрүн тобокелге салышат. Алар баатырлар» деп жазып, полиция кызматкерлерине тилектештигин билдирди.

Прокуратура 48 жаштагы шектүү буга чейин баласын талашып, жаңжал чыгарган үчүн полициясын көңүлүн буруп келгенин кабарлады.

Француз полициясынын маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөдө 146 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон.

XS
SM
MD
LG