Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Ооганстанда белгилүү жарандык активист киши колдуу болду


Ооганстандагы акыркы чабуулдардын биринен кийинки көрүнүш.
Ооганстандагы акыркы чабуулдардын биринен кийинки көрүнүш.

Ооганстанда шайлоолорго көз салган өз алдынча топтун башчысын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Полициянын маалыматы боюнча, Юсуф Рашид менен айдоочусуна 23-декабрда эртең менен Кабулда белгисиз адамдар кол салышкан. Анын жыйынтыгында Рашид каза болуп, айдоочусу жаракат алган. Маркумдун жакындарынын айтымында, жарандык активист ооруканада эсине келбей жатып көз жумган.

Юсуф Рашид Кабулдагы Ооганстандын эркин жана калыс шайлоолор форумунун аткаруучу директору болуп эмгектенчү. Ал Ооганстандагы тынчтык орнотуу боюнча иш-чарага катышуу үчүн бара жатканда чабуулга туш болгон. Бул окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Кийинки айларда Ооганстанда саясатчыларга, журналисттерге жана жарандык активисттерге каршы чабуулдар күчөдү. Акыркы эки ай ичинде эле бир нече журналист, белгилүү ишкерлер каза болду.

XS
SM
MD
LG