Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Миң-Кушта эки кабаттуу турак жай күйүп кетти


Иилюстрациялык сүрөт.
Иилюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында эки кабаттуу турак жайда 24-декабрда таңга маал саат 05.00 чамасы өрт чыкты.

Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, өрт өчүрүүчүлөр саат жетиден өткөндө келгени менен суу шлангы тешилип, аны өз убагында өчүрө алышкан эмес. Имарат дээрлик толук күйүп бүтүп калганын жергиликтүү тургундар тартып, Интернетке жарыялаган видеодо да айтылган. Азыр өрт өчүрүү иштери уланып жатканы кабарланды.

Алардын билдирүүсүнө ылайык өрттөнгөн турак жайда сегиз батир бар болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя боюнча маалымат бере элек. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG