Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Москвада кыргызстандык кош бойлуу келин каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-декабрда Москвада 23 жаштагы кош бойлуу мигрант келин каза болду. Бул тууралуу Орусиянын «Московский комсомолец» гезити жазды.

Гезиттин жазганына караганда, келинден капыстан кан кетип, «Тез жардам» чакырылганына карабай жүрөгү токтоп калган. Окуя болгон жерге барган ички иштер жана медицина кызматкерлери келиндин кош бойлуу экенин аныкташкан.

2019-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстандан чет жакка чыккан мигранттардын саны 732 миң деп эсептелген. Алардын 640 миңинин Орусияда расмий каттоосу бар. Кыргызстандыктар Орусиядан тышкары Түркия менен Казакстанга иштегени көп барышат.

Жылына чет жактан 300дөй кыргызстандык мигрант каза болууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG