Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Коронавирус жуккандар дүйнө калкынын 1% ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны Жер жүзүндө жашаган калктын 1% ашты. 24-декабрга карата расмий эсеп боюнча вирусту жугузгандар 78 миллионго жетти. Ал эми каза болгондор 1 миллион 700 миң болуп, жалпы ооругандардын 2% түзүүдө.

Өнүккөн өлкөлөрдө илдет диагностика жакшы болгону үчүн вирусту аныктоо тез жана масштабдуу жүргүзүлүүдө. АКШда жалпы калктын 6% ашыгы буга чейин коронавирусту жугузуп, ооруп бүттү же учурда ооруп жатат.

Жакында коронавирустун жаңы штаммы табылган Британия менен бир катар өлкөлөр каттамдарын токтотту. Рождество жана Жаңы жылдык каникул алдында Европанын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Германия, Италия карантиндик чараларды күчөтүүдө. Чехия 27-декабрдан тартып катуу карантинге жабылган жатат.

Коронавирус эпидемиясы бир жыл мурун, 2019-жылы декабрда Кытайда башталган. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө тараган соң Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны пандемия деп жарыялаган.

Быйыл октябрда БУУ COVID-19 вирусун дүйнө калкынын 10% жугузушу мүмкүн экенин билдирген. Учурда дүйнөдө 7,8 миллиард адам жашайт.

XS
SM
MD
LG