Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:10

Өзбекстанда ала качууга туш болгон кыз машинеден түшө качып каза болду


Ала качуу. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда ала качууга дуушар болгон кыз жүрүп бара жаткан автоунаадан түшө качып, каза болду. Милициянын маалыматы боюнча, окуя Наманган облусундагы Нарын районунда 20-декабрда катталган. 18 жана 23 жаштагы эки жигит 16 жаштагы кызды күч менен автоунаага салып, алып кетүүгө аракет кылышкан. Машине жүрүп бара жатканда кыз секирип түшүп, алган жараатынан улам каза болгон. Маркум кыз курбулары менен бирге батирде жашап, университетке тапшырууга даярданып жатканы кабарланды. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Милициянын маалыматы машинедегилер маркум кызды кандай максатта ала качканы айтылган эмес. Бирок Борбор Азия жана Түндүк Кавказ элдеринде турмуш куруу максатында ала качуу өнөкөтү азыркыга чейин сакталып калган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG