Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Tүркияга коронавирус тестинен өтпөгөн чет өлкөлүктөр кире албайт


Чет элдиктер Түркияга кирүү үчүн ПЦР-тесттин жыйынтыгын көргөзүшү керек. Бул тууралуу Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа маалымат берди.

"28-декабрдан баштап авиакаттам аркылуу, 30-декабрдан тарта автоунаа аркылуу чет өлкө жарандарынын Түркияга болгон сапары учурунда, акыркы 72 саат ичинде коронавирус жок экендигин тастыктаган ПЦР-тестинин жыйынтыгын көрсөтүү зарыл. Эгер анализ тапшырбай келсе, обсервацияга алынат. Бул чечим 2021-жылдын 1-мартына чейин уланат", - деп кабарлады министр Кожа.

Британиянын жана Европанын айрым аймактарында коронавирустун жаңы штаммы (түрү) жайылып жаткандыктан түрк бийлиги 20-декабрдан баштап Британия, Голландия, Дания жана Түштүк Африкадан аба каттамы менен келген жарандарды тыкыр текшерүүдө. Буга чейин 14-декабрдан баштап Британиядан Түркияга келген 4603 жаран аныкталганы жана обсервацияга алынганы кабарланган.

Ал эми Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.

Муну менен катар өлкөдө 31-декабрдан 4-январга чейин коменданттык саат киргизилген. Өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 7-декабрда бир кыргызстандык келин коронавирустан каза болгонун кабарлаган.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 25-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 19 371 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 2 миллиондон ашты, 2 миллионго жакыны айыгып чыкты. (ElB)

XS
SM
MD
LG